Үч космонавт Кытайдын түндүк бөлүгүнө аман-эсен түшкөнү кабарланды. Өлкө тарыхындагы эң узак космостук экспедиция Кытайдын орбитага туруктуу станция чыгаруу жана адамды Айга учуруу мүдөөсүндөгү маанилүү жетишкендик катары эсептелет. “Шэнчжоу-10“ Жердин орбитасында учуп жүргөндө “Тянгун-1” лабораториялык модулу менен автоматтык режимде чиркешти.
Дүйшөмбү күнү президент Си Цзинпин кеменин экипажы менен видеобайланыш өткөрүп: “Космостук ой-мүдөөбүз Кытайды кубаттуу кылуу тилегибиздин бир бөлүгү”,-деди.
Кытай биринчи жолу космоско 2003-жылы космонавт учурган. Бирок космосту өздөштүрүүдө АКШ жана Орусиядан алда канча артта калган.