Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Монголияда бүгүн президенттик шайлоо өттү


Азыркы президент Цахиагийн Элбэгдорж менен саясый таймашка парламенттин мүчөсү, күрөш боюнча дүйнөнүн мурдакы чемпиону Бадмаанямбуугийн Бат-Эрдэнэ жана 59 жаштагы саламаттыкты сактоо министри Нацагийн Удвал айым түштү.

Элбэгдорж Монголия демократтык партиясынан. Бат-Эрдэнэ акыркы он жылда башкаруу Демпартия менен коалицияга кирип жүргөн Элдик партиянын өкүлү. Удвал айым Монголия элдик-революциялык партиясынан. Бүгүн бешимге чейин төрт жыл мурдагы эле шайлоочулардын 43 проценти добуш берди.

Коррупцияга каршы күрөш шайлоо өнөктүгү маалындагы негизги тема болду. Себеби, көпчүлүк монголдор өлкөнүн минералдык байлыктары: алтын, жез жана көмүр кендерин иштетүүдөн пайдасын көрбөдүк деп, бийликке нааразы. Нааразылыкка инфляция жана байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымдын күчөшү да чоң салым кошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG