Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Токтонасыров БУУ өкүлчүлүгүнүн алдында акция өткөрөт


Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясын өткөрөт. Укук коргоочу эл аралык уюмдан өткөн аптада, кадамжайлык Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн өзбек чек арачысын жазага тартууга, Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө көмөктөшүүнү суранат. Буга чейин Токтонасыров дал ушундай эле талаптар менен Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин алдында бир нече жолу пикетке чыккан. Бирок өзбек элчилиги укук коргоочуга эч кандай жооп берген эмес.

19-июнь кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылганын билдирип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG