Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

АКШ: Жогорку Сот кумсалардын пайдасына чечим чыгарды


АКШнын Жогорку Соту федералдык мыйзамдагы нике аял менен эркектин ортосунда гана түзүлүш керек деген эрежени Конституцияга каршы келет деп тапты. Мындай эрежени жокко чыгаруу өтүнүчү менен кумсалардын укугун коргогон уюм сотко кайрылган болчу.

Эми соттун бул чечимине ылайык, бир жыныстагылар курган үй-бүлөлөр мыйзамда каралган жеңилдиктерди, жөлөкпулдарды ала алышат. АКШ президенти Барак Обама Жогорку Соттун бул чечимин колдоп, адилеттик калыбына келди деп атады.

Учурда АКШнын 12 штатында жана Вашингтондо окшош жыныстагылардын үй-бүлө курушуна мыйзам жол берет. Жогорку Соттун бул чечими Калифорния штатында кумсаларды үй-бүлө курушун мыйзамдаштырууга жол ачат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG