Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Египет: Мурси бардык саясий күчтөрдү мунасага чакырды


Президент Мухаммед Мурси өлкөдөгү башаламандыктар Египетти шал абалга кептейт деп, бардык саясий күчтөрдү реформаларды жүргүзүү үчүн диалогго чакырды.

Бул тууралуу ал шаршемби кечинде калкка теле аркылуу кайрылуусунда билдирди. Ага чейин Мурсинин саясий каршылаштары баш калаа Каирде жана бир нече шаарда нааразылык акцияларын баштаган. Шаршембидеги Ал-Мансур шаарындагы кагылышта эки адамдын каза тапканы кабарланды. Оппозиция 30-июнда да өлкөдө ири нааразылык акциялары өтөөрүн жарыялады. Бул күнү Мурсинин бийликке келгенине 1 жыл толот. Буга байланыштуу өкмөттүк аскерлер нааразылык акциясы өтө турган шаарларга жакын жайгаштырылууда. Өз кайрылуусунда Египет президенти айрым каталарын моюнуна алып, бардык саясий күчтөрдү реформа үчүн мунаса табууга үндөдү.

Исламчыл “Мусулман агайындар” партиясынын лидери Мухаммед Мурси Египеттеги ыңкылаптан соң өткөн жылы президенттикке шайланган. Оппозиция бир жылдан бери Мурсинин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразылык акцияларын уюштуруп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG