Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Миятович: Сөз эркиндиги өлкө жетекчилигинин саясый эркинен көз каранды


Сөз эркиндигинин абалы ошол өлкөнүн жетекчилигинин саясый эркинен көз каранды болот. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович билдирди.

"Эркиндик керек, эгер ал болбосо адам укугунун эркиндиги да болбойт", - деди адис.

Миятович ошондой эле өлкө жетекчилиги жарандык коом менен да тыгыз кызматташтыкта болуусу маанилүү экенин баса белгиледи.

Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы, сөз эркиндиги талкууланган жыйын өтүүдө. Аны ЕККУ уюштурду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG