Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Монголиянын азыркы президенти кайра шайланды


Шаршемби күнү өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж экинчи мөөнөткө кайра шайланды.

Бюллетендердин баары эсептелген соң шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Элбэгдорж үчүн шайлоочулардын 50 пайызынан көбү добуш бергендигин тастыкташты. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыктары шайлоо протоколдору текшерилген соң белгилүү болот.

Шайлоо өнөктүгүнүн башкы чакырыктары коррупция менен күрөш жана кендерди иштетүүдөн түшкөн акчаны акыйкаттык менен бөлүштүрүү болду.

Цахиагийн Элбэгдорж - Демократиялык партиянын талапкери, 1990-жылы Монголияда коммунисттик башкарууга каршы толкундоолордун лидерлеринин бири болгон. (AiK)

XS
SM
MD
LG