Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Кумтөр боюнча митингчилер Каптагаевге каршы чыгууда


Бүгүн Жети-Өгүздө Кумтөр маселесине байланыштуу чогулган митингчилер өкмөттүн Ысык-Көл облусуна жаңы дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаевдин кызматтан кетишин талап кылып чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" митингдин катышуучусу Кубат Токсобаев кабарлады. Анын айтымында, нааразылык акцияга келгендер Каптагаев Кумтөр боюнча коюлуп жаткан талаптарды аткара албайт деп эсептейт. Андыктан анын ордуна 15 күндүн ичинде башка кишини дайындоону талап кылып эки жүздөй адам Кызыл-Суу айылынан чыгып Караколго барды. Алар менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, бул талапты өкмөт башчыга жеткирээрин айтты.

Бүгүн эртең менен Жети-Өгүздүн борбору Кызыл-Суу айылынын Маданият үйүнө беш жүздөй киши чогулуп Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу канадалык инвестор менен кабыл алынган келишимди жокко чыгарууну талап кылган.

Жети-Өгүздө буга чейин да Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп, башаламандык менен аяктаган. Бир нече күн райондо өзгөчө абал тартиби киргизилген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG