Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны иштен бошотууга макул болду


Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан бошотуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын чечимин колдоду. Мындай чечимге добуш берген 77 депутаттын 57си макул болду. Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар Турсунбек Акундун саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бул чечимди күзгө калтырууну сунуштаган. Бирок айрым депутаттар Жогорку Кеңештин регламентине жараша атайын комиссиянын чечими чыккан соң 15 күндүн ичинде акыйкатчы тууралуу чечим кабыл алуу зарыл экенин, күзгө калса бул мыйзам бузулаарын айтып чыгышты. Натыйжада чечим добушка коюлуп, көпчүлүк депутаттар аны колдоду.

Ушул айдын башында парламент депутаттары Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзгөн. Ал комиссия өз корутундусунда Акыйкатчыны "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине, айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыптап, кызматтан алууну сунуштаган. Акун өзүнө коюлган дооматты четке кагып, аны кызматтан алуу тууралуу мыйзамсыз чечим кабыл алынганын билдирген. Бүгүн бул маселени депутаттар талкуулап жактан учурда Турсунбек Акун парламент фойесинде кетип баратып эс-учун жоготуп жыгылган. Анын жардамчысы Сүйөркул Сейдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Акун учурда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG