Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Башкы прокуратура «Ата-Журттун» депутаттары боюнча Жогорку Сотко арызданды


Ага ылайык, мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Соттон Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата чыгарылган 29-марттагы Биринчи май райондук сотунун жана 17-июндагы Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүндү. Буга чейин Баш прокуратура "Ата-Журт" партиясынын үч депутатын актоо боюнча шаардык соттун өкүмүндө күмөн жараткан айрым жагдайлар бар экенин айтып чыккан.

Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров 1 жылга Талант Мамытовду Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG