Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Жохар Царнаевге расмий айып тагылды


АКШдагы сот арачыларынын тобу Бостон марафонундагы теракттын негизги айыпталуучусу Жохар Царнаевге расмий айып такты. Царнаевге 30 пункт боюнча айып тагылды. Алардын арасында адамдардын өмүрүн алган массалык кыргын салчу курал колдонгон деген айып да бар. Эгер бул айыптар сот тарабынан далилденсе, 19 жаштагы Царнаев өмүр бою түрмөгө кесилиши же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

15-апрелде Бостондогу марафондогу жардыруулардан үч адам өлүп, 260тан ашык адам жаракат алган. Муну теги чечен ага-ини Тамерлан менен Жохар Царнаевдер уюштурган деп айыпталууда. Тамерлан Царнаев полициячылар менен атышууда мерт болгон. Жохар Царнаев андан кийин колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG