Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Ирак: Багдаддагы жардыруудан он алты адам набыт болду


Кечээ кечинде Багдаддагы бир нече кафеге катылган бомба жарылуусунан 16 адам өлүп, ондогон адамдар жараат алышты. Маалыматка ылайык, кафелерге жаштар футболдук мелдешти көрүү үчүн топтолгон учурда жарылуу болгон.

Ирактагы бул жардырууларга көбүнесе шииттер менен сунниттер ортосундагы карама-каршылык себеп болору айтылат. Азчылыкты түзгөн сунниттер шииттер түзгөн өкмөттү "адилет саясат жүргүзбөй жатат" деп каршылыгын билдирип келет. Акыркы айлардагы эле ушундай жардырууларда жалпысынан 1000ден ашык адам каза болду.

XS
SM
MD
LG