Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

Бишкек: Дарбыздан ууланган беш кишинин абалы жакшырды


Бишкекте дарбыз жеп ууланган үй-бүлөнүн абалы азыр жакшырып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жугуштуу оорулар боюнча клиникалык ооруканадан кабарлашты. Кечээ эти ысып, кусуп кайрылган бешөөнүн үчөө балдар. Чоңдор үйдөн дарыланып жатат. Ал эми балдар ооруканада. Дарыгерлер сураштыра келгенде алар Бишкектеги "Дыйкан" базарынан дарбыз сатып алып, аны эки күн жегени аныкталган.

Учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.
(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG