Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Обама оор абалда жаткан Манделага барышы мүмкүн


Барак Обама Сенегалдагы маалымат жыйынында Манделанын абалы тууралуу сүйлөп жатат, 27-июнь, 2013
Барак Обама Сенегалдагы маалымат жыйынында Манделанын абалы тууралуу сүйлөп жатат, 27-июнь, 2013
Түштүк Африкада апартейидге каршы күрөшүп, кийин өлкөнүн алгачкы кара президенти болуп калган Нельсон Мандела оор абалда ооруканада жатат.

Ушул күндөрү Африкада сапар менен жүргөн АКШнын президенти Барак Обама Түштүк Африка Республикасына барып, Манделаны көрсөм деген ниетин билдирген. Ал үчүн азыр Манделанын үй-бүлөсүнүн уруксатын күтүп жатканын айтты.

Обама Нобель сыйлыгынын 94 жаштагы лауреаты Манделаны “улуу иштерге шыктандырган жеке каарманы” катары атаган. Дарыгерлер Манделаны өпкө инфекциясынан жабыркаганын, азыр стабилдүү оор абалда экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG