Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Москванын четинде борбор азиялык мыйзамсыз мигранттардын шаары табылды


Москва полициясы буга чейин да "мигранттардын шаарчасын" тапканын айтып келген, 21-июнь, 2013
Москва полициясы буга чейин да "мигранттардын шаарчасын" тапканын айтып келген, 21-июнь, 2013
Ал жерде 1,5 миң мигрант жашаганы, адамдарды Түркиянын курулуш фирмасы жайгаштырганы кабарланууда. Полициянын расмий өкүлүнүн айтканына караганда, кармалган мигранттардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан келишкен. Адамдар 13 үйдөгү майда бөлмөлөрдө 8-10 адамдан бир бөлмөдө жашаган.

Азыр “Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” жана “Миграциялык эрежелерди бузуу” беренелери боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Шаардык полиция бир нече күн мурун Москванын четинде курулуш вагондорунан турган айылды таап, анда Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген 260ка жакын мыйзамсыз мигрантты кармашканын кабарлаган эле.

XS
SM
MD
LG