Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кытай: Шиңжаң-Уйгур автономиясында кайрадан зордукчул чабуул болду


Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялык районундагы Хотан шаарында бүгүн да “зордукчул чабуул” болгонун өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашууда. Окуянын чоо-жайы белгисиз.

Ушул аптанын башында региондогу тургундар менен полициянын кагылыштарынан жана башка майда инциденттерден 35 адам өлгөн эле. Шиңжаң региону Борбор Азия, Ооганстан, Монголия, Пакистан жана Орусия менен чектешет, анын тургундарынын басымдуу бөлүгүн мусулман уйгурлар түзөт. Алар укуктары корголбой, Кытай жетекчилигинин дискриминациялык саясатынан жабыркап жатышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG