Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Барак Обама Нельсон Мандела менен жолугушпайт


АКШ президенти бүгүн Түштүк Африкадагы апартеидге каршы күрөштүн символу саналган Нельсон Манделанын үй-бүлөсү менен жолугушат. Бирок, Барак Обама жана жубайы Мишель Обама Преторияда ооруканада жаткан экс-президент Мандела менен кездешпейт.

Ак үйдүн билдиришинче, мындай чечим Манделанын тынчтыгын жана акыбалын урматтоо үчүн үй-бүлөсүнүн каалоосуна ылайык кабыл алынган. Обама Түштүк Африкадагы сапары учурунда Иоханнесбургга, Кейптаунга жана Роббен аралындагы Мандела 18 жыл отурган түрмөгө барат. АКШ президенти Мандела менен 2005-жылы кездешкен. Ал кезде Обама сенатор болчу.

Түштүк Африканы актардын расистик режими башкарып турган жылдары Нельсон Мандела 28 жыл абакта отурган. Маалымдалгандай, 94 жаштагы Манделанын саламаттыгы жума күнү бир аз жакшырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG