Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

АКШ Эквадордон Сноуденге башпаанек бербөөнү сурады


Эквадор президенти Рафаэл Корреанын ишемби күнү билдиришинче, бул жөнүндө АКШ вице-президенти Жо Байден жума күнү ага телефон чалып сураган. ”Албетте, биз Сноуден жөнүндө сүйлөштүк. "Байден Кошмо Штаттар биздин башпаанек бербешибизди өтүнгөнүн өтө сыпаа айтты. Мен ага Эквадордун көз карашын билдирдим. Вице-президент телефон чалганыңызга ырахмат. Биз АКШны аябай сыйлайбыз. Биз мындай жагдайды издеген жокпуз. Кээ бир маалымат каражаттары ойлогондой, биз бу маселеде антиамерикалык позицияда эмеспиз деп ойлойм”, - деди Корреа.

Ал ошондой эле Эдвард Сноуден Эквадордо жок болгондуктан, ага башпаанек берүү жараянын карай албасын кошумчалады. ЦРУнун мурдакы кызматкери Эдвард Сноуден бир жума мурда Гонконгдон Москвага учуп келген жана азыр Шереметьево аэропортунда жашынып отурат деп боолгонууда. Ал АКШда жарандарды электрондук көзөмөлдөө боюнча коопсуздук кызматтарынын жашыруун программасын ашкере кылып, шпиондук кылды деп күнөөлөнүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG