Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Бишкекте психикалык оорулууларга арналган акция өтүүдө


Акцияны Кыргызстан-Сорос фондунун көмөгү менен коомдук уюмдар уюштуруп жатат. 29-июнда башталган акция алкагында ыктыярчылар Бишкектин көчөлөрүнө чыгып, психикалык саламаттык тууралуу сурамжылоолорду жүргүзүүдө. Мындай жол менен уюштуруучулар калк арасында психикалык саламаттык тууралуу маалымат жайылтып, бул дарттан жапа чеккендерге жардам берүү максатын көздөөдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 450 миллиондон ашык адам психикалык оорулардан жабыркайт. Ал эми Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 68 миңден ашык адам психикалык жактан оорулуу деп табылган. Бирок өлкөдө жыл өткөн сайын психикалык дартка кабылгандар көбөйүп, айрыкча бул дарт жаштар арасында жайылып бара жатканы айтылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG