Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Алматыда Аскар Акаевдин улуу күйөө баласы сурак берди


Алматыда Кыргызстандын мурдакы президенти Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев кармалды. Бул жөнүндө өкмөттүк КазТАГ агенттиги кабарлады. Алматы шаардык милициясынын өкүлү Эрмек Балтаевдин билдиришинче, Адил Тойгонбаев 28-июнда уулуна документ алганы келгенде кармалып, кийин коё берилген. Балтаевдин айтышынча, Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, ал Кыргызстанда кылмышкер деп айыпталып, издөө жарыяланганы менен, аны Бишкекке өткөрүп берүү жөнүндө сөз жок.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү. 2005-жылкы ынкылаптан кийин Кыргызстанда Тойгонбаевге “сүйлөшүп туруп, финансылык көз боёмочулук кылган, салык төлөбөгөн” деген айыптар менен эл аралык издөө жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG