Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Пешаварда бомба чабуулунан 14 киши өлдү


Пакистанда аскерий кербенге кол салуудан 14 адам апаат кетти. Полициянын маалымдашынча, Пешавар шаарынын чет жакасында жасалган бомба чабуулунан дагы 25 чакты адам жарадар болгон жана кээ бирөөлөрүнүн абалы “өтө оор”. Автомобилге коюлган бомба жарылганда бир нече аскерий машине жана ошо жердеги дүкөндөр зыян тарткан. Пешавар ооруканасынын өкүлүнүн айтымында, катуу жардырууда жараат алгандардын арасында эки бала жана бир аял бар. Азырынча чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG