Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Президент Мурсиге каршылар жана колдоочулар митингге чыкты


Каирдан чок ортосундагы Тахрир майданына чогулган миңдеген египеттиктер өлкөнүн исламчылар колдогон президенти Мохамед Мурсинин бийликтен кетүүсүн жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Алар Египеттин туусун желбиретип, “Мурси, кет!” деп кыйкырышууда. Оппозиция Мурсини президенттиктен кетүүгө чакырган 22 миллион кол топтогонун жана кол топтоо улантылып жатканын билдирген.

Шаардын башка бөлүгүндөгү Президент сарайынын жанында Мурсинин миңдеген жактоочулары президентти колдоп демонстрация өткөрүшүүдө. Өткөн аптада антиөкмөттүк тополоңдор башталгандан берки кагылыштарда сегиз адам, анын ичинде бир америкалык курман болду.

Аскерий жетекчилик кокус катуу тополоң чыгып кетсе, жагдайга кийлигишүүгө даяр экенин эскерткен. Оппозиция туура бир жыл мурда президенттик тактыга отурган Мурсини демократиялык реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды, бийликти “Мусулман агайындер” кыймылына өткөрүп берди, экономиканы жандандыра албады, элдин жашоо стандартын төмөндөтүп жиберди деп күнөөлөөдө. Мурси президенттиктен кетпесин билдирген.

XS
SM
MD
LG