Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Нарында республикалык театралдык фестивал ачылат


Бүгүн Нарында республикалык бешинчи театралдык фестивал башталганы жатат. Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган бул маданий иш-чара төрт күнгө созулат. Фестивалды өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси, Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кыргызбай Осмоновдун "Азаттыкка" айтымында, ага республиканын ар кайсы аймактарынан келген 18 профессионал театр катышат. Жеңүүчүлөргө түрдүү сыйлыктар жана белектер тапшырылат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG