Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Кызыл-Кыя төрөт үйүн оңдоого каражат чогултулат


Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын төрөт үйүн оңдоп, ичин жаңыртканга каражат чогултуу максатында эртең, 2-июлда Бишкекте кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан коомдук фонддон кабарлашты. Марафон Тарых музейинин жыйындар залында уюштурулмай болууда.

57 жыл мурда ачылган бул төрөт үйүнөн жылына беш миңге жакын аял көз жарат. Баткендин Кадамжай районунун, Оштун Ноокат, Араван райондорунун кош бойлуу келиндери тейленет. Каржылоонун жетишсиздигинен азыркыга чейин имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. 2010-жылкы жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. (RK)

XS
SM
MD
LG