Буга байланыштуу бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү уюштурулууда. Маалыматтарга ылайык, Түркиядан алынган насыя акчага 225 айыл чарба техникасы сатылып алынган. Анын ичинен 198и фермерлерге берилди. Баткен облусуна 22, Жалал-Абадга 32, Ошко 39, Таласка 22, Чүй облусуна 41, Ысык-Көлгө 27, Нарынга 15 айыл чарба техникасы бөлүнгөн.
Ушул тапта Кыргызстандын түштүгүндө жана Чүй облусунда эгин оруп-жыюу кызуу жүрүүдө.(ZKo)
Ушул тапта Кыргызстандын түштүгүндө жана Чүй облусунда эгин оруп-жыюу кызуу жүрүүдө.(ZKo)