Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Токтонасыров БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдына жатып алды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюму кыргыз-өзбек чек арасында өлтүрүлгөн кыргыз жараны боюнча эч кандай реакция жасалбай жатканына нааразылыгын билдирип чыкты. Ал кара кездеме жамынып, өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан Бакыт Тагаевдин сүрөтүн кармап, БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына жатып алды. Азырынча укук коргоочу менен жолугушууга эч ким чыга элек.

Токтонасыров буга чейин бир нече жолу кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга жана Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө жардам берүүнү суранып келген.

19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп эсептейт, бирок Кыргызстандын расмий органдарынын айтымында, Тагаевди өзбек чек арачылары 500 метр ичкери кирип келип өлтүргөн.(MiT;ZKo)

XS
SM
MD
LG