Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Аблязовго кыргыз паспорту берилгени анык


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызматы Казакстан жараны Мухтар Аблязовго Кыргызстанда Нурдин Осмонов деген наамга паспорт берилгенин тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 28-январында аталган кызмат тарабынан жасалма ар кандай документтер даярдалуучу схеманын бети ачылган. Анда шектелип кармалгандардын биринин Казакстан жараны Мухтар Аблязовго Нурдин Осмонов деген наамга Кыргызстандын паспортун берүүгө тиешеси бардыгы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу бул маселе тууралуу башка маалыматтар берилбейт.

Буга чейин кыргыз паспорттору чет өлкөлүк уюшма кылмыш топторунан жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүнөн табылган фактылар да кездешкен. 1965-жылы туулган Осмонов Нурдин Бекбоевичтин наамына паспорт алуу үчүн документтер Чүй облусунун Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнөн даярдалып, жасатууга былтыр 12-декабрда тапшырылган. Ал эми паспорттун өзү 27-декабрда жасалып бүткөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG