Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Евробиримдик АКШдан аңдуу боюнча түшүндүрмө сурады


Европа Биримдиги америкалык атайын кызматтардын Евробиримдиктин мамлекеттик кызматкерлерин аңдышы тууралуу маалыматтын чыгышы боюнча түшүндүрмө сурады. Еврокомиссиянын маалымат катчысы Марлен Хольцнер билдиргендей, АКШ бийликтери бул маалыматты текшерип жатышканын айтышкан.

Германиядагы Der Spiegel журналында Евробиримдиктин кеңселеринде америкалык атайын кызматтар тыңшоочу аппараттарды орноткондугу тууралуу макала жарык көргөн. Журнал Эдвард Сноуден тарбынан берилген жашыруун документке шилтеме жасаган.

АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден өткөн жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп келип, ошол бойдон "Шереметьево" аэропортунун транзиттик зонасында отурат деп боолгонууда. Сноуденди мекенинде коопсуздук кызматтарынын жарандарды электрондук көзөмөлдөө боюнча жашыруун программасын ашкере кылды деп айыпташууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG