Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

АКШ жана анын союздарштарынын ортосунда жаңжал уланууда



- Америка Кошмо Штаттары ар бир башка өлкөдөй эле өзүнүн коопсуздугу менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, - деди АКШнын мамлекетти катчысы Жон Керри.

Бүгүн Европа Биримдиги америкалык атайын кызматтардын Евробиримдиктин мамлекеттик кызматкерлерин тыңдаганы боюнча түшүндүрмө сурады.

Германиядагы Der Spiegel журналында Евробиримдиктин кеңселеринде америкалык атайын кызматтар тыңшоочу аппараттарды орноткондугу тууралуу макала жарык көргөн. Журнал Эдвард Сноуден тарбынан берилген жашыруун документке шилтеме жасаган.

Керри маселени Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы өкүлү Кетрин Эштон менен Брунейде өтүп жаткан АСЕАНдын жолугушуусунда бейформал түрдө талкуулады.

АКШдан түшүндүрмөнү Жапония жана Түштүк Корея да талап кылды. Германия Вашингтондон эки тараптуу ишенимди кайра калыбына келтирүүнү талап кылды. Франциянын президенти Франсуа Олланд союздаштарды тыңшоого “жол берилбеши керектигин” билдирди.

АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден өткөн жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп келип, ошол бойдон "Шереметьево" аэропортунун транзиттик зонасында отурат деп боолгонууда. Сноуденди мекенинде коопсуздук кызматтарынын жарандарды электрондук көзөмөлдөө боюнча жашыруун программасын ашкере кылды деп айыпташууда. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG