Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Египетте «Мусулман агайындар» коргонушат


Египеттеги башкаруучу “Мусулман агайындар” исламдык кыймылы өзүн коргоо үчүн ыктыяр күчтөрдү топтойт. Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Гехад Эль-Хаддад Рейтер маалымат агенттигине билдирди жана полицияны чара көрбөгөндүгү үчүн сындады.

Бүгүн Египеттеги толкундоолор күчөп турган маалда 4 министр кызматтан кетти. Каирде болсо башаламандык уланууда. Ондогон жаш демонстранттар өлкөнү башкарган “Мусулман агайындар” исламдык кыймылынын башкы кеңсесине кирип келишип, аны талкалай башташкан. Дүйшөмбүгө караган түнү кеңседен партиянын бардык кызматкерлери чыгарылган, себеби митингчилер имаратка таш жана ичинде күйүүчү зат бар бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Египетте жекшемби күнү полиция менен демонстранттар кагылышып, 16 адам каза болгону кабарланууда. 600дөн ашуун адам жараат алды.

Митингге чыккандар бийлик исламчыларга көп берилгенине жана өкмөт экономикалык көйгөйлөрдү чечпей жатканына нааразы. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG