Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Президент ЕККУнун Башкы комиссарын кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев дүйшөмбүдө ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Башкы комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда өлкөдөгү улуттук азчылыктардын укугун коргоо тууралуу сөз болду. Атамбаев Кыргызстандагы этностор аралык ынтымакты чыңдоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Башкы комиссары Кнут Воллебек Кыргызстанга кечээ келген. Ал иш сапардын жүрүшүндө улуттар аралык мамиле боюнча кызматташуулар жана аны мындан ары улантуу боюнча жолугушууларды өткөрүүдө. Воллебектин эртең Ош шаарына бараары күтүлүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG