Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

“Түндүкэлектро” ишканасында жаңы жетекчи


“Түндүкэлектро” ишканасынын башкы директору Кубаныч Турдубаевди директорлор кеңеши бекитти. Анын талапкерлигин Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев сунуштаган. Ошондой эле директорлор кеңешинин чечими менен анын орун басарлыгына мурунку башкы директор Искендер Кадыркулов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн жылдын аягында болгон авариялык кырсыктан кийин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Түндүкэлектро” ишканасынын ошол учурдагы башкы директору Искендер Кадыркулов менен техникалык директору Кубаныч Турдубаевдин жоопкерчилигин кароону мамлекеттик мүлк фондуна тапшырган. Аталган фонд ишкананын айрым жетекчилерине сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизгени белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG