Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Жалал-Абад: Катуу жүргөн сел көпүрөнү агызып кетти


Базар-Коргон районундагы Арстанбаб айылынын Кызыл-Алма участогунда бешим ченде жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада “Достук” лагерин жана 8 кожолукту жол менен камсыздаган ички чарбалык көпүрө авариялык абалга келген. Жамгырдан 10 гектар участкасындагы жайытка жана 25 кожолукка өтүүчү унаа көпүрө да жабыркап, учурда ал жакка жол каттамы убактылуу жабык.

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагында 29-июнь күнү кечинде катуу жааган жамгырдан улам жүргөн сел Кош-Болот айылындагы Сары-Камыш участкасында Ала-Бука- Көк-Серек унаа жолунун 27-чакырымындагы көпүрө жээгин жууп кеткен. Мындан сырткары Күйкөнөк сайынан түшкөн сел Кош-Болот көпүрөсүн толук агызып, сайдын эки жүз метр жээгин жеп, беш кожолуктун бак-дарактарын алып кеткен.

Аталган көпүрөлөрдү калыбына келтирүү ишине жоопкерчилиги чектелген «Казакмыс Голд Кыргызстан» ишканасынан бир экскаватор, эки самосвал жана бир грейдер тартылып, жумуш жүрүүдө. Эки көпүрөнүн жанынан убактылуу жол каттамы ачылган. Бул тууралуу 2-июлда республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG