Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар байгеге жетишти


Түштүк Кореядагы Азия оюндарында тайбоксчу Данияр Кашкараев күмүш байге, суучул Александр Слепченко коло медаль утту. Азия оюндардын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыккан тайбоксчу Данияр Кашкараев 57 кило салмакта чейрек финалда иорданиялык Абдалла Мохаммад Нассем Самурду 5:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды. Жарым финалда Данияр Кашкараев менен ооганстандык Насир Ахмад Хазар беттешмек. Бирок 1-раундда эле атаандашуудан Ахмад Хазар баш тарткандыктан Данияр Кашкараев финалга чыкты. Данияр баш байге үчүн вьетнамдык Тран Дую Нхату Нгуену менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калды. Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Ошондой эле кыргызстандык суучул Александр Слепченко 200 метр аралыкка эркин сүзүүдө марага үчүнчү келип, коло байгелүү болду. Мындай маалыматты Инчондон Улуттук олимпиада комитетинин жооптуу кызматкери Саламат Эргешов “Азаттыкка” телефон аркылуу маалымдады.

Инчондогу Азия оюндарында кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча мөрөй талашууда. Алар: спорттук бий, кикбоксинг, тай бокс, сууда сүзүү жана бильярддын снукер түрү боюнча 22 спортчу өлкө намысын коргоп жатат.(KMa/ZKo)

XS
SM
MD
LG