Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖК сот, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Туманов билдирди. Анын айтуусунда, сотторду тандоо эки гана айлампа менен өтүп, сотторду тандоо кеңешинин добуш берүүсүн кыскартуу зарыл. Туманов сотторду добуш берүү менен тандоодо коррупциянын элементтери көрүнүп турат деп белгиледи. Депутаттын айтуусунда, сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамды өзгөртүү демилгеси парламент каникулдан келгенден кийин, сентябрь айында көтөрүлмөкчү.
Сотторду тандоо кеңеши болсо мыйзам өзгөрүлмөйүнчө сотторду тандоо болбой турганын билдирүүдө.

1-июль күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сотторду тандоо кеңеши тарабынан сунушталган райондор аралык соттордун судьяларынын ордуна талапкерлер тууралуу материалдарды кайтарып берген. Президент буга сотторду тандоо сынактык негизде жүргүзүлгөндө кетирилген кемчиликтер негизги себеп болгонун белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG