Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Сноуден Орусиядан башпаанек суроодон баш тартты


Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын Улуттук коопсуздук агеттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиядан башпаанек суроодон баш тартканын билдирди. Сноуден бир жумадан бери Москвадагы «Шерметьево" аэропортунун транзиттик бөлүмүндө отурат.

Кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин Сноуден АКШга зыян келтирбесе Орусияда калса болоорун айткан. Польша менен Норвегия Сноуден алардан башпаанек сураганын тастыкташты, бирок Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Твиттерде Сноудендин арызын канааттандырбоону сунуштаарын жазган.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро болсо Каракас Сноуденден эч кандай арыз ала электигин айтты жана Сноуден «бүткүл дуйнөнүн коргоосуна арзыйт” деген оюн кошумчалады . Июндун башында Сноуден АКШнын жашыруун электрондук чалгындоо программаларын ачыктаган (AiK).

XS
SM
MD
LG