Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Улуттук китепканага “Шабдан баатырдын кодекси” тартууланды


Кыргызстандын Улуттук китепканасы Майами Университетинин профессору Дэниэл Приордон англис тилиндеги «Шабдан Баатырдын Кодекси» деген китебин белекке алды. Бул китепте жыйырманчы кылымдын башындагы кыргыз поэзиясынын уникалдуу кол жазмасынын биринчи жолу чечмеленген толук басылышы да бар.

Жыйнак АКШда 2012-жылы жарык көргөн. Анда Кыргызстандын түндүк аймактарынын тарыхын чагылдырган чыгармалар топтолгон. Аларды АКШнын Огайо Штатындагы Майами Университетинин профессору Дэниэл Приор которуп, чечмелеп жана басып чыгарган.

Китеп Чоң-Кемин өрөөнүнүн башкаруучусу, сарбагыштардын чоң манабы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген Шабдан Баатырга арналган жана көчмөн кыргыздардын турмушу жөнүндө толук баяндайт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG