Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Жон Керри: АКШ жана Орусия Сирия боюнча конференцияга даяр


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон жана Москва Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык конференция өткөрүүгө даяр экенин жарыялады. Бирок конференция августтан кийин өтүшү мүмкүн.

Брунейдеги сүйлөшүүлөрдөн соң Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттер менен жолугушту. Керри эки тарап тең 2012-жылдын июнь айында өткөн Женевадагы конференциянын жыйынтыгы менен макул экендигине токтолду. Брунейде АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин конференциясы өтүүдө. Лавров менен Керри бейформал жолугушуу өткөрүштү.(AiK)

XS
SM
MD
LG