Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

"Юсуф менен Зулайка": табышкан жүрөктөр


Адатта Тажикстанда жаш үй-бүлө кыз жана жигиттин туугандарынын жардамы менен курулат. Ошондуктан сырттан кимдир бирөө тарабынан жуучу түшсө, бул абдан эле өөн учурайт.

Бирок мындай карама-каршылыкка карабай, Тажикстандын Хожент шаарында түгөйлөрдү табыштырчу жалгыз агенттик ийгиликтүү иштеп жатат.

Шухрат Аемов жуучу агенттигин ачканда, анын иши жүрүшпөйт дегендер көп болгон. Бирок анын алты ай мурун ачылган “Юсуф жана Зулайка” жуучу агенттигинин иши кызуу жүрүп жаткан кез. Кардарлар улам көбөйүп, ушуга чейин алар тааныштырган 8 адам үй-бүлө курду. Жалпысынан 200 адам кайрылган.

Электрик Фирдав жана мектеп мугалими Нигора агенттик аларды биринчи табыштырган соң бир нече жума өтпөй эле үйлөнүшкөн.

"Биздин салттуу коомдо сен ажырашкан, 30дан ашкан эркек болсоң бир жакка бейтааныш келин менен ачык чыга албайсың же жолуга албайсың", - дейт Фирдав.

Фирдавдын чоң энеси жаштарды табыштырчу агенттик тууралуу ушак угуп калып, небересине айткан.

"Адегенде мага бул идея такыр жаккан жок, эмне күтөрүмдү билген эмесмин", - дейт Фирдав Хоженттеги өзү иштеген электрондук буюм саткан дүкөндүн жанында туруп.

Балалуу, бирок ажырашып кеткен Нигора үчүн агенттик жакшы мүмкүнчүлүк эле.

- Катталганымдан бир ай өткөн соң Фирдав менин анкетамды жактырганын агенттиктен кабарлашты. Биз бир-эки жолу жолуктук.

Ажырашкан, орто тап, 30дан 40ка чейинки курак - өз кардарларын агенттик ушинтип сүрөттөйт.

Тажикстанда көбүнчө 20 жаштын тегерегинде үй-бүлө курушат, бирок агенттикке ушул убакка чейин 20 жаштагылардан бир да анкета түшкөн эмес.

- Кардарларыбыздын көбү ажырашкандар, же түгөйү көз жумгандар. Бирок кызыктуусу - ажырашкандар мурунку никесинде ата-энесинин сөзүнө кирип, үй-бүлө курушкан.

Аемов ата-эне жана туугандар жаштарды үйлөндүрүү үчүн абдан аракеттене турганын, бирок эгерде алар ажырашса, алардын кайрадан үйлөнүүгө эч кандай аракет жасабаганын байкаган. Ошондуктан ал “Юсуф жана Зулайка” агенттигин түзүп, өз кызматы үчүн 5 доллардан алат. Эгер алардын аракети үйлөнүү тою менен аяктаса, алар дагы кошумча акча алышат.

Агенттик анкеталарды кылдаттык жана тыкандык менен толтурат. Кардарлар ден соолугу тууралуу так маалымат бериши керек жана алардын ажырашкандыгы тууралуу расмий документ болушу керек.

- Бизде үч негизги талап бар: адамдар физикалык жана менталдык жактан ден соолугу бекем болушу керек. Эгерде ал оорулуу болсо, биз анын дарыланышын талап кылабыз. Экстремисттик топторго мүчө жана үйлөнгөн, бирок өзүнө экинчи аял издеген эркектерден арыз албайбыз, себеби көп аял алуу мыйзамсыз.

Кызыгы, агенттиктин кардарлары ар кандай тренингдерден да өтүшөт. Эркектер акчаны үй-бүлөдө кантип сарпташ керек, куда тарап менен кандай мамиледе болуш керектиги тууралуу лекция угушса, келиндер тамак даярдоо жана тигүү курстарына катышат.

- Эркектердин көбү татынакай, акылдуу, үй-оокатка тың, туруктуу мүнөздөгү келиндерди издешет. Ал эми аялдар үчүн үй-бүлөнү багып кете турган эркектер керек.

Агенттик 2009-жылы эле катталган, бирок анда иштеп кете алган эмес. Аемов Малайзиядан бизнес мектебин аяктап, Хоженттеги бизнес борбордон бөлмөнү ижарага алып, ишин кайра баштаган.

Аемов жана агенттиктин башка төрт кызматкери теле, радио жана башка бардык жолдор менен агенттиктин ишин жарыялай баштаган.

Тажикстандыктар көбүрөөк шаарда жашап, салттуу жана үй-бүлөлүк байланыштар солгундап бараткандай, ошондуктан мындай агенттиктердин көбөйүшүн божомолдосо болот.

Ал эми агенттиктин биринчи түгөйү Нигора жана Фирдав балалуу болууга камданып жатышат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG