Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Мамкаттоо кызматтык иликтөөнү улантат


Мамлекеттик каттоо кызматы мекемедеги мыйзамсыз иштерди ашкерлөө үчүн кызматтык иликтөөлөрүн улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын жетекчиси Эрлан Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейинки аймактардагы 48 кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 15 кызматкер иштен четтетилди. Алардын биринде казак оппозиционери Мухтар Аблязовго жасалма паспорт берилгени аныкталган. Мындан соң иликтөөлөр Бишкекте уланмакчы.

Өткөн жумада Мамлекеттик каттоо кызматы казакстандык банкир жана оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязовго Нурдин Осмонов деген ысым менен жасалма паспорт берилгенин билдирип чыккан. Анда аталган паспорт былтыр декабрь айында Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнөн даярдалганы, бул үчүн аталган бөлүмдүн бир кызматкери жоопкерчиликти моюнуна алганы да кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG