Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

ЕККУнун башкы комиссары Ошко барат


Дүйшөмбүдө Кыргызстанга сапар менен келген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аз улуттар боюнча башкы комиссары Кнут Воллебек бүгүн Ошко барат. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Воллебек Ошто жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Буга чейин ал президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан.

Былтыр Бишкекке келген Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй Кыргызстанда улуттук азчылыктарды дискриминациялоо маселелери бар экенин айтып, өлкө жетекчилерин буга көңүл бурууга чакырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG