Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Сноуден 20дан ашуун өлкөдөн башпаанек сурады


АКШнын чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден башпаанек сурап, 20дан ашуун өлкөнүн лидерлерине кайрылды.
Бул тууралуу WikiLeaks сайты жазып чыкты. Сноуден кайрылган өлкөлөрдүн арасында Австрия, Боливия, Бразилия, Кытай, Куба, Финляндия, Франция, Германия жана башкалар бар.

Кечээ Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиядан башпаанек суроодон баш тартканын билдирди. Сноуден бир жумадан бери Москвадагы «Шерметьево» аэропортунун транзиттик бөлүмүндө отурат.

Июндун башында Сноуден АКШнын жашыруун электрондук чалгындоо программаларын ашкерелеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG