Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

“Датка” подстанциясы ишке кирди


Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу “Датка” подстанциясынын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Мамлекет башчы тасма кесердин алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан өзү коңшу өлкөлөрдөн көз карандысыз энергетикалык айлампа түзүүгө жетишип калды деп билдирди. Ал ошондой эле подстанцияны курууга көмөктөшкөн кытайлык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, 2016-жылга “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр түйүнү ишке киргизилерин кошумчалады.

“Датка” подстанциясынын ачылышына катышкан Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Даюй Си суу-энергетикалык долбоорлор кыргыз-кытай кызматташтыгынын өзөгү болуп жатканын айтып кетти.

“Датка” подстанциясы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна курулду. Аталган подстанциядан жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу “Кемин” подстанциясына тартылган токтон Кыргызстандын түндүгү да электр энергиясын алат. Долбоордун максаты Борбор Азия энергетикалык айлампасынан көз карандысыздык болуп саналат. Долбоорго 390 млн. доллар сарпталмакчы.(YA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG