Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Аблязов кыргыз паспортун алганын танып чыкты


Казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандын паспортун албаганын жазып, муну казак бийлиги тарабынан жасалган “кара пиар” деп атады. Ал ошондой эле Кыргызстандын ичинде гана колдонулуучу ID карттын өзүнө кереги жоктугун айтып, Кыргызстандын эч кандай паспортун албаганын белгилеген.

Өткөн жумада Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөөлөрдүн натыйжасында кыргыз паспорту казакстандык оппозиционер, учурда бозгунда жүргөн Мухтар Аблязовго башка бирөөнүн атында берилгенин тастыктаган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG