Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Турсунбек Акун өзүн Акыйкатчы деп эсептейт


“Ооруканадан чыгарым менен кайра ордума барып, иштей берем. Парламенттин чечими мыйзамсыз” деген пикирин бүгүн Турсунбек Акун өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал Жогорку Кеңештин чечимин сотко бергенин, Акыйкатчынын ордуна сынак соттон кийин гана болушу мүмкүн экенин айтты.

Турсунбек Акун учурда ооруканада. “Мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. 27-июнда Жогорку Кеңеш ал чечимди колдоп берди.

Дүйшөмбү күнү депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бекматов жакынкы убакытта Акыйкатчынын ордуна сынак жарыяланарын журналисттерге билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG