Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Ошто Барактын тургундары митингге чыкты


Ош шаарындагы борбордук аянтта Барак айылынан келген 30дай адам өкмөттөн Барак менен Кыргызстанды байланыштырган жол маселесин тез арада чечип берүүнү суранып турушат. Андан сырткары, барактык жаштарга Кыргызстандын башка аймагынан турак-жай куруу үчүн жер ажыратылсын деген талапты айтышууда.

Барак айылы Кара-Суу районунун Ак-Жол айыл округуна карайт. Аталган айылдын башчысы Бурхан Ашуров «Азаттыкка» билдиргендей, барактык жашоочулар балдары үчүн Ак-Таш айыл округунун башка аймагынан жер сурашууда. Азырынча митингчилер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып жолуга элек. Нааразылык акциясынын катышуучулары көйгөйлөрүн айтуу үчүн тынч митингге топтолгонун, кескин кадамдарга барбай турганын белгилешти.

Барак айылы Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы эксклавы болуп эсептелет. Ал жерде 268 түтүн жашайт. Январь айында Баткендеги Сох анклавында чыккан чырдан кийин өзбек тарап Баракка кеткен жолду бир тараптуу жаап койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG