Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Эки дартка бирдей кабылган энергетика


Токтогул суу сактагычы, 18-январь, 2013.
Токтогул суу сактагычы, 18-январь, 2013.

Энергетика жана өнөр жай министри Артыкбаев өлкөнүн энергетика системасын реанимацияга түшкөн оорулуу катары баалады.

Дүйнөлүк банк болсо өлкөнүн энергетика тармагын калыбына келтирүү үчүн 870 млн. доллар керектигин жарыялады.

Кыргызстан кайрадан энергокризистин капшабындабы?

Эксперттердин баамында, Кыргызстан кезектеги энергетикалык каатчылыктын алдында турат. Кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн 4 млрд. 700 млн. сом жетишпейт. Жылдагыдай электр энергиясын экспорттоп, андан түшкөн акча менен көмүр, карамай сатып алуу да кыйынчылыкка учуроодо. Анткени Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы электр энергиясын экспорттоого тоскоолдук жаратууда. Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйылкы жылы 500 млн. киловатт саат электр энергиясын экспорттоо да кыйынчылыкка учурап жатканын билдирди.

Азыркы мезгилге карай Токтогул суу сактагычында 13 млрд. 698 млн. куб метр суу бар. Салыштырмалуу былтыр ушул мезгилде Токтогулда 16 млрд. 288 млн. куб метр суу болгон.

Энергетикалык эксперттер Токтогулдагы суу быйыл кышында электр энергиясы менен камсыздоого жетерин, бирок кийинки жылга абал өтө оорлошорун айтып жатышат.

Суу аздыгынын терс таасири тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев буларды билдирген эле:

- Суунун тартыштыгы 2 млрд. 800 млн. кубдун деңгээлинде болуп атат. Бул сөзсүз түрдө биздин энерго балансыбызга өтө жоопкерчиликти жүктөп атат. Ошондуктан биз экспорт деген маселени өтө терең карап жатабыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, ички резервдер менен акча маселесин чечсек, экпорт дегенди токтотуп коёлук деп атабыз.

Министр ошондой эле кыргызстандыктарды үйлөрүн көмүр менен жылытууга өтүүгө чакырууда.

Эскирген жабдыктардын эсеби

Кыргызстандын энергетика системасы быйылкы жылы суунун аздыгынан эле эмес, жабдуулардын эскирүүсүнөн да жабыркап турат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстандын энергетика системасын оңдоп-түзөө үчүн 870 млн. доллар талап кылынат. Тагыраак айтканда, Токтогул ГЭСин ремонттоого 260 млн. доллар, Үч-Коргон ГЭСине 130 млн. доллар, Ат-Башыга 25 млн. доллар керек. Андан сырткары электр зымдары, подстанциялар үчүн да 350 млн.доллардан ашуун каражат керек.

Эл аралык эксперттер жана Кыргызстандын энергетика министрлиги энергетика тармагына каражат тартуунун булактарынын бири катар тарифтерди көтөрүүнү караштырып жатат. Тарифтерди көтөрүүнүн бир нече варианттары аталууда. Алардын бири боюнча электр энергиясын пайдалануу 300 киловатт сааттан ашкандан кийин башка тариф коюу сунушталган. Андан сырткары үч фазалуу токту пайдалангандарга бааны көтөрүү каралууда.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев Кыргызстанда электр тармагындагы техникалык жана коммерциялык жоготууларга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлбөй жатат деп эсептейт. Эгерде чындап күрөш жүргүзүлсө, энергетика тармагынын акчага муктаждыгынын бир бөлүгүн жабууга болот эле дейт Үмбеталиев:

​ ​-Коррупция деп жатпайбызбы, жалпы коррупция. Ошону азайтмайынча биздин энергетика системабыз оңолбойт. Чындыгында жоготуулар ( жаңы бийлик учурунда) кескин түрдө азайтылган жок. Алар техникалык жоготууларды көбөйтүп, коммерциялык жоготууларды азайтып жатышат. Булардын баары кагаз жүзүндө гана болууда. Жалпысынан баары мурункудай болуп кала берүүдө.

Кыргызстандын энергетикалык системасында кезинде жоготуулар 36 пайызга жеткен. Азыркы кезде жоготуулар 21% түзөт.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статскатчысы Батыркул Баетов болсо жоготуулар кыскартылып жатканын айтат:

- Коммерциялык жоготуулар 17.2 пайыздан 3.6 пайызга түштү. Бул деген уурулук беш эсе азайды дегенди билдирет. Ал эми техникалык жоготуулар 18-19% болчу, азыр 17.6% болуп калды. Бир пайызга гана азайттык. Анткени ал акчаны талап кылат.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев энергетика тармагын оор абалда реанимацияга түшкөн оорулуу катары мүнөздөгөн. Ага эксперттер да кошулат. Министрлик абалды жакшыртуу үчүн тарифтерди көтөрүүнү сунуштап жатат. Бирок саясий себептер жогорку бийликти андай кадамга баруудан кармап турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG