Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Чолпон-Атада митингчилер жол тосту


Бишкек-Каракол жолу Чолпон-Ата шаарынын тушунан буулду. Азырынча жол буугандар 1-июлга караган түнү милиция менен мушташкан топтун тарапкерлери деген маалымат айтылууда. Алар күч кызматтары мушташка катышты деп жоопкерчиликке тартуусун токтотууну талап кылууда. Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакировдун маалыматы боюнча, учурда жол буугандар менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

1-июлга караган түнү Чолпон-Атада милиция менен болгон чатакка кылмыштуу топтун тиешеси жоктугун Ысык-Көл РИИБинин жетекчиси Бакыт Матмусаев “Азаттыкка” билдирген. Ал эми облустагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаев жаңжал көл жээгинде соода-сатык жүргүзүүдөгү атаандаштыктан келип чыккан деген божомолун “Азаттык” менен бөлүшкөн. (ZKo;MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG