Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:26

Чукул эскертүү: сел жүрүшү күтүлөт


Синоптиктердин шашылыш эскертүүсү боюнча 4-июлдан 8-июлга чейин күтүлүп жаткан жаанга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

4-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан болот. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүзү 23...28 градус ысык болот. Таласта түнкүсүн 11...16, күндүзү 21...26 градус ысыйт. Өрүкзарлуу Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүзү 25...30 градус болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүзү 27...32 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 10...15, күндүзү 18...23 градус ысыйт. Нарында түнкүсүн 6...11, күндүзү 18...23 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүзү 2...7 градуска жылыйт.

Борбор калаабызда 4-июлда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17 градус, күндүзү 24...26 градус ысык болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG