Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Тогуз-Тородо сууга чөккөндөр изделүүдө


Тогуз-Торо районунун Дүпкүр айылын аралап өткөн Нарын дарыясына чөгүп кетти делген 5 адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жоголгондордун жакындары издешүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Ыкыбал Абдыраимова билдирди.

Анын айтымында, 2-июлда кечке жуук Нарын дарыясына балык уулоо үчүн барган 6 адам сууга түшүп кеткен. Алардын бирөө суудан чыгып кете алган. Кырсыкка кабылгандардын туугандарына окуя тууралуу ошол киши маалымдаган.

Буга чейин айрым маалымат булактары сууга чөккөндөр 4 киши деп кабарлаган эле. Министрликтин басма сөз кызматы алар 5 киши экенин тастыктады. Издөө иштери уланып жатат. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG